Кыргызстандын чет өлкөлөр менен болгон соодасынын көлөмү беш айда 1,5 млрд долларды түздү. Көрсөткүч өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 45%га өскөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Анын ичинде экспорттук жеткирүүлөр 4%га кыскарса, импорт тескерисинче, 1,6 эсеге өскөн.
Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасынын көлөмү 1,5 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 21%га өскөн. Анда экспорттук жеткирүүлөр 50%га, импорт 13%га өскөн.
Кыргызстан менен ЕАЭБдин ортосундагы өз ара сооданын эң чоң үлүшү Орусияга туура келет (69%), андан кийин Казакстан турат (29%).