Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 12-июлда көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Кыска кабар | 11 Июл 2022 | 171 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 12-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 29…31 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM