Биз менен байланышыңыз

Эртең абитуриенттерди колледждерге кабыл алуу башталат

Кыска кабар | 11 Июл 2022 | 274 | 0

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-2023-окуу жылына кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графиги боюнча буйругу бекиди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бекитилген буйрукка ылайык, документтерди онлайн каттоонун биринчи туру 2022-жылдын 12-июлунан 18-июлуна чейин жүрөт.

Кирүү сынактары 19-20-июлда төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

— баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;

— медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 22-июлда белгилүү болот. Сунушталган абитуриенттер 23-июлдан 26-июлга чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоого тийиш.

II тур

Документтерди онлайн каттоонун экинчи туру 2022-жылдын 27-июлунан 3-августка чейин уланат.

Кирүү сынактары 4-5-август күндөрү төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

— баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;

— медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 8-августта белгилүү болот. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 9-августтан 11-августка чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоосу керек.

III тур

Документтерди онлайн каттоонун үчүнчү туру 2022-жылдын 12-августунан 19-августка чейин жүрөт.

Кирүү сынактары 20-22-августта төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

— баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;

— медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 24-августта белгилүү болот. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 25-августтан 27-августка чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоосу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM