Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын делегациясы Улуу Британиядагы форумга катышты

Кыска кабар | 11 Июл 2022 | 315 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектеген Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) юбилейлик форумуна, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусунун 30 жылдыгына арналган бизнес-форумга катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Адылбек Касымалиев жалпы жыйында сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн акыркы 30 жылдагы артыкчылыктар жана кемчиликтер менен коштолгон экономикалык өнүгүү этаптарына токтолду.

«Саясий жана экономикалык өнүгүүнүн кыйынчылыктарына карабастан, Кыргызстан өзүнүн көз карандысыздыгын бекемдеп, эл аралык мамилелердин жооптуу катышуучусуна айланды. Бул мезгил ичинде республиканын ички дүң продукциясы – үч эсеге, ал эми чет элдик валютадагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1991-жылга салыштырмалуу болжол менен 35 эсеге өстү. Бул жылдар аралыгында өлкөгө олуттуу чет элдик инвестиция тартылды. Дүйнөнүн 100 жакын өлкөсү Кыргызстандын продукциясын керектөөчү болуп саналат, жаңы продукциянын 500дөн ашык түрүн чыгаруу өздөштүрүлдү, аларды экспорттоо өнүгүп жатат. Бул аралыкта Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте жалпы суммасы 800 млн АКШ долларынан ашык 207 долбоор ишке ашырылды», — деди ал.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө белгилегендей, Министрлер Кабинети үчүн кыргыз элинин бакубаттуулугун, адамдык потенциалды жогорулатуу, БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына ылайык экономиканы туруктуу өнүктүрүү, өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту, улуттар аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты сактоо жана бекемдөө негизги артыкчылык болуп саналат.

Бул иш-чаранын алкагында британиялык жана чет элдик компаниялардын, бизнес чөйрө өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM