Биз менен байланышыңыз

Путин Кыргызстан менен аба чабуулдан коргонуу системасын түзүүгө буйрук берди

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2022 | 1614 | 0

Владимир Путин «Орусия Федерациясы жана Кыргыз Республикасы ортосунда аба чабуулунан коргонуу боюнча биргелешкен аймактык система түзүү үчүн Кыргызстан тарап менен макулдашуу жөнүндө» буйрукка кол койду. Буйрук Орусия президентинин расмий документтер порталына жарыяланды.

Документте Орусия Коргоо министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине Кыргызстан тарап менен сүйлөшүү тапшырмасы берилген.

Айта кетсек, Орусиянын Кыргызстанда Кант авиабазасы баштаган бир нече аскердик объектиси бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM