Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстан мал чарбасы боюнча кызматташтыкты өркүндөтөт

Кыска кабар | 8 Июл 2022 | 308 | 0

Кыргызстандын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков менен Өзбекстандын ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү мамлекеттик комитетинин төрагасы Бахром Норкобилов Ташкентте жолугушту.

Тараптар ветеринария жана мал чарбачылыгы тармагы боюнча жаңычыл, келечектүү багыттарды, тагыраагы, сооданы көбөйтүү максатында эт, сүт азыктарын экспорттоочу ишканаларды эки өлкөнүн тең реестрине киргизүү маселесин талкуулап, экспортко, импортко жеңилдик берүүнү сүйлөшүшкөн.

Аны менен катар балык чарба, асыл тукум мал чарба жаатында, илим алуу, билим берүү тармагында кызматташтыкты арттыруу, атайын адистерди биргелешип даярдоо жагдайлары каралган.

Жолугушуунун соңунда тараптар «Ветеринария жана мал чарба жаатында кызматташуу жөнүндө» келишимге кол коюуну макулдашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM