Биз менен байланышыңыз

Бишкекте таза сууга болгон төлөм акы кымбатташы мүмкүн

Кыска кабар | 8 Июл 2022 | 312 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева «Бишкек суу-канал» башкармалыгынын жамааты менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында борбордун калкына таза суу берүүдө жана саркынды сууларды кайра иштетүүдө башкармалык тушуккан бир катар көйгөйлөр талкууланган.

«Бишкек суу-каналдын» жамааты борбордун эли таза сууну ысырап колдонуп жатышканына нааразычылыктарын билдиришип, калктан карыздарды өндүрүү үчүн таасирдүү программа зарыл экенин айтышкан. Ошондой эле электр энергиясы, күйүүчү май, керектүү жабдуу-каражаттар кымбаттап кеткендиктен, өндүрүш бир катар чыгымга учурап жатканын белгилешкен.

Башкармалыктын берген маалыматына караганда, учурда калаадагы таза суу жана саркынды суу түтүктөрүнүн 70%ы эскирип, жарактан чыккан. Аларды алмаштыруу, оңдоо сыяктуу иштерге каражат артпай калууда. Андыктан сууга болгон төлөм акыны кайра карап чыгып, баасын жогорулатуу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM