Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл облусунун жетекчиси «Алтын сертификат» алгандарга планшет берди

Кыска кабар | 8 Июл 2022 | 303 | 0

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында Ысык-Көл облусунан 5 бүтүрүүчү «Алтын сертификат» алып, Бишкек шаарынан кийинки экинчи орунду ээлеген.

Облус жетекчиси Алтынбек Сулайманов бүтүрүүчүлөр менен бүгүн, 8-июлда жолугушту. Анда ал балдарга кең келечек каалап, ар бирине планшет жана Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолун баяндаган тарыхый-даректүү китеп белек кылды.

ЖРТдан облус боюнча төмөнкү окуучулар «Алтын сертификат» алышкан:

Азамат Саламатов, 225 балл – Каракол шаарындагы Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү;

Алимбек Токтогазиев, 224 балл – Жети-Өгүз районундагы Э. Кендирбаев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү;

— Актилек Шекенов, 223 балл – Жети-Өгүз районундагы «Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин бүтүрүүчүсү;

— Төлөнбек Абдыбеков, 222 балл – Жети-Өгүз районундагы «Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин бүтүрүүчүсү;

— Жоомартмырза Маратов, 221 балл – Каракол шаарындагы Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM