Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан футбол союзу Италия менен кызматташат

Кыска кабар , Спорт | 8 Июл 2022 | 807 | 0

Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италия футбол федерациясынын президенти Габриэль Гравина менен жана федерациянын эл аралык байланыш кызматынын жетекчиси Данило Филаккионе менен жолугушту. Кездешүү 6-июлда өткөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти бүгүн, 8-июлда кабарлады.

Баарлашуу учурунда элчи Базарбаев Кыргызстан футбол союзунун жүргүзгөн иши боюнча маалымат берип, Италиянын футбол федерациясы менен байланыш түздүрүп, кызматташтыруу ниетин билдирген. Ошондой эле эки тараптын жетекчилеринин иш сапарларын, машыктыруучулардын, калыстардын, футболчулардын, медицина кызматкерлеринин тажрыйба алмашуу, квалификация жогорулатуу окуулуктарын уюштуруу жаатындагы меморандумдун долбоорун сунуштаган.

Габриэль Гравина меморандумдун долбоорун жакын арада карап чыгышарын айтып, ага кол коюу салтанатын Кыргызстан футбол союзунун иш сапарына айкалыштырган шартта футбол федерациянын Римдеги штаб-квартирасына уюштурса болорун белгиледи. Ошондой эле өздөрүнүн Кыргызстанга иш сапарын жакын арада кароого даяр экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM