Кыргызстанда дүйшөмбү, 11-июль дем алыш күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.
Курман айт майрамы ишемби күнгө, 9-июлга туш келгендиктен, кийинки жумушчу күн дем алыш күнү деп жарыяланды.
Мындан улам кыргызстандыктар 11-июлда эс алат.