Биз менен байланышыңыз

«Казакстанда биолаборатория курулса, Борбор Азияга коркунуч жаралат»

Коом , Кыска кабар , Саясат | 7 Июл 2022 | 1683 | 0

Кечээ 6-июлда эл аралык жана жергиликтүү эксперттер маалымат жыйын өткөрүп, Кыргызстанга Дүйнөдөгү биологиялык изилдөөлөрдү көзөмөлдөө боюнча эл аралык уюм түзүү демилгесин көтөрүштү.

Алардын айтымында, жакынкы жылдары Бишкектен 80 км алыстыктагы Казакстандын Кордай шаарында төртүнчү (эң коркунучтуу) деңгээлдеги биолаборотория курулат. Мындай биолаборатория бир гана Кыргызстанга эмес, жалпы Борбор Азияга коркунуч жаратып, залакасын тийгизет.

Медицина илимдеринин кандидаты Бакыт Саипбаев дүйнө жүзү боюнча биолаборияларды көзөмөлдөгөн МАГАТЭге (Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик) окшош уюм түзүүнү сунуштады.

«Бишкектен болгону 80 чакырым алыстыкта бардык белгилүү кооптуу дүйнөлүк вирустар менен жер астындагы сактоочу жай түзүүнү көздөп жатышат. Биз бул лабораторияны курууга таптакыр каршыбыз. Өз нааразылыгыбызды Казакстан башчысынын атына жазган катында билдирдик. Совет мезгилинде бизде ушундай лабораториялар болгон. Атайын шарттарда бардык коркунучтуу инфекциялар бар. Бул оор жумуш. Бирок азыр суроо туулуп жатат: бул тынчтык үчүнбү же аскердик курал жасоо үчүнбү? Эпидемиологиялык көзөмөл бир жумуш, ал эми оору козгогучтарды аскердик максатта колдонуу такыр башка нерсе. Биз бул лабораториялардын ачык-айкын болушун жана кадыр-барктуу эл аралык уюм тарабынан көзөмөлдөнүшүн жактайбыз. Мисалы, БУУнун алдындагы МАКБИ менен«.

Орусиянын атайын аскердик операциясы башталгандан кийин Украинада 30 биолаборатория табылган. Дүйнө жүзү боюнча алардын саны 300дөн ашат.

Коомдук ишмер, «Эрк» партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу аталган маселе эл аралык деңгээлдеги көйгөй экенин түшүндүрдү.

«Кордайда курула турган биолаборатория – бир гана мисал. Мындай биолабораториялар көптөгөн адамды өлтүрүшү мүмкүн. Мисалы, коронавирус илдети баарыбызды коркутуп, канчалаган элдин өмүрүн алды. Ал эми коронавирус ушундай эле лабораториядан чыгып тараган. Эгер аталган ишкана курула турган болсо, биздин жарандардын өмүрүнө коркунуч жаралып, өлүмдүн статистикасы бат эле жогорулашы ыктымал. Ошондуктан Казакстандын президенти буга көңүл бурат деп ишенебиз».

«Пикир» аймактык эксперттер клубунун тең төрагасы Бакыт Бакетаевдин айтымында, алар БУУга кат менен кайрылышкан жана жооп күтүп жатышат.

«Казакстандын элчиси катты президентке жеткиргенин айтты. Андан жооп күтүп жатабыз. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмуна да кат жаздык, алардан да оң жооп күтүп жатабыз».

Аталган демилгени Италиянын Милан шаарындагы «Ыйык жүрөк» католик университетинин профессору Марко Ломбарди Европадагы эксперттер дүйнөдөгү биологиялык изилдөөлөрдү көзөмөлдөө боюнча эл аралык уюмду Кыргызстанда түзүүнү колдоп жатышканын кабарлады.

«Эл аралык уюмдар ар кандай биологиялык изилдөөлөрдү көзөмөлдөп турушу керек дегенге кошулам. Коронавирус пандемиясынын эки жылдык мезгилинен өттүк. Курал катары колдонулган башка вирустардын жайылышы да эсте бар. Бирок акыркы эки жыл биринчи дүйнөлүк биологиялык согуштун мезгили болуп жатат деп айтуудан алысмын. Европанын эксперттери дал ушул Кыргызстанда дүйнөдөгү биолабораторияларды көзөмөлдөө боюнча эл аралык уюмду түзүү демилгесин колдошот. Анткени Кыргызстан — тынчтыктын борбору жана Батыш менен Чыгыштын ортосундагы көпүрө».

Эксперттер аталган уюмду БУУнун деңгээлинде түзүү демилгесин көтөрүүнү президент Садыр Жапаровдон талап кылышууда.

Эске салсак, 2010-жылы Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагында канадалык инвесторлор биолабораторияны курууну көздөшкөн, бирок бир катар бейөкмөт уюмдар жана жарандар бул демилгеге каршы чыгышкан. Жыйынтыгында биолаборатория курулбай калган.

Көпчүлүк өлкөлөрдө биолабораторияларды геосаясий оппоненттерди жок кылуучу курал катары колдонуп, көбөйтүп келе жатышканы айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM