Биз менен байланышыңыз

Аялдар менен балдарга зомбулук. Укук коргоочулар президентке дагы кайрылышты

Кыска кабар | 6 Июл 2022 | 386 | 0

«Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылы президентке кайрылуу жасашты. Уюмдун маалыматына караганда, Садыр Жапаровдун балдардын укугу боюнча айткан жообу канааттандырарлык болгон эмес.

«Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылы сиздин жообуӊузга канааттанган жок, тилекке каршы биз аялдарды жана балдарды коргоо өлкө үчүн, өлкө башчысы үчүн, ошондой эле ар бир министр үчүн эӊ биринчи катардагы милдет деп эсептелбей жатканын көрүүдөбүз. Мамлекет башчысы катары кызматка киришкенден бери институционалдык, стратегиялык деӊгээлде  конкреттүү жана натыйжалуу чаралар кабыл алынган жок. Өлкө эки жылдан бери Гендердик теӊ укуктуулукка жетишүү боюнча улуттук стратегиясыз жана ага карата Улуттук плансыз жашап жатат. Алар иштелип чыккан жана узак убакыттан бери Министрлер кабинетинде жатат» , — деп айтылат кайрылууда.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин токтому менен парламент тарабынан үч окууда кабыл алынган Балдар жөнүндө кодекстин жаӊы редакциясы артка чакыртылганы мыйзамсыз экени айтылат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине республиканын бардык райондорунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну уюштуруу үчүн социалдык кызматкерлердин 500 бирдигин бөлүүгө, калкка маалымат берүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө 25 млн сом бөлүүгө сөз берилген. Бирок бул суроо бүгүнкү күнгө чейин чечилген эмес.

«Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар үчүн  бир гана муниципалдык борбор иштейт. Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу мамлекеттик ТВ, радио каналдардын, билим берүү системасынын, Маданият министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндө артыкчылыкка ээ эмес. Жакырчылык, жумушсуздук, эмгек миграциясы, аркечтик, наркомания, лудомания сыяктуу социалдык көйгөйлөр үй-бүлөлөрдөгү зомбулук тобокелчилигин жогорулатууда.

Мына ушундай жагдайда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана төрагасы ЖМКнын өлкөнүн беделин түшүрбөө жана туристтерди коркутпоо үчүн аялдарга, балдарга карата зомбулук жөнүндө маалыматтарды чыгарбоого чакырды. Буга жооп катары белгилей кеткибиз келет, зомбулук көйгөйүн чечүү үчүн аны таануу, талкуулоо жана коомдун бардык секторлорун тартуу менен аны чечүүнүн үстүнөн иштеш керек» , — деп айтылат кайрылууда.

Укук коргоочулар президент Садыр Жапаров менен жолугууну өтүнүштү.

Кыргызстанда 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча катуу сындар айтылып, 28 аялдардын укугун коргоо уюму президентке кайрылыган.

Президентинин администрациясы ага жооп кылып, өлкөнүн балдарын коргоо жалпы мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири жана президент Садыр Жапаровдун маанилүү приоритети экенин билдирген.

Ошондой эле балдарга карата зордук-зомбулук маселелери Балдар укугу боюнча  ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынганы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM