Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат

Кыска кабар | 6 Июл 2022 | 346 | 0

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель 6-8-июль аралыгында транспорт каражаттары үчүн маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чектөө күйүп кеткен электр зымын алмаштыруу боюнча жумуштарга байланыштуу болууда.

5-июлда саат 15:50 чамасында тоннелден өтүп бараткан «Лексус-470» унаасы өрттөнүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен тоннелдин ичинде электр жарыгы өчүп, өтүү убактылуу токтотулган.

Өрттөнгөн унаа чыгарылгандан кийин унаалардын өтүшү үчүн тоннель ачылган. Бирок электр зымын алмаштырууга байланыштуу унаалар үчүн жол маал-маалым менен жабылып турары айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM