Биз менен байланышыңыз

Айдарбек Мамбеткадыров санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болду

Кыска кабар | 6 Июл 2022 | 161 | 0

Айдарбек Мамбеткадыров санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин ал министрдин кеңешчиси болуп иштеген.

Санариптик финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Мамбеткадыров юриспруденция жана экономика тармагында адис, жарандык укук жана бухгалтердик эсеп адистиги боюнча окуган.

Буга чейин Жогорку соттун жана Конституциялык сотунун аппаратында, Бишкек шаарынын мэриясында, Жогорку Кеңештин аппаратында жана өкмөттүн аппаратында иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM