Ош шаарында 9-июль күнү Курман айт намазы борбордук аянтта окулат. Мэриянын маалыматына караганда, Курман айт намазы эртең мененки саат 07:30да окула баштайт.
Бишкекте болсо Курман айттын урматына майрамдык намаз таңкы саат 06:00дө эски аянтта окулат.
Иш-чаранын программасы:
06:00-07:00 — дин аалымдарынын баяндамалары;
07:00-07:25 — муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:25-07:30 — куттуктоолор;
07:30 — Айт намаз.
Быйыл Курман айт майрамы 9-июлда белгиленет.