Биз менен байланышыңыз

Яндекс Go компаниясы мамлекетке салык төлөй баштайт

Кыска кабар | 6 Июл 2022 | 326 | 0

Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүүчү алгачкы 3 чет өлкөлүк компания бюджетке кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталышты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.  

Яндекс Go, Megogo жана Xsolla компаниялары Салык кызматынын www.vat.salyk.kg электрондук сервисинде аралыктан салыктык каттоодон өтүштү.

Азыркы учурда, тейлөө функциясы электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмга КНС боюнча салык төлөөчү катары каттоодон өтүүгө, идентификациялык салык номерин алууга жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Google салыгы” – жеткирүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган, өлкөдө катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү.

КНСтин ставкасы ишке ашырылган кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынан 12%ды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM