Биз менен байланышыңыз

Улукбек Марипов ажылыкка барган жарандар менен жолугушту

Кыска кабар | 6 Июл 2022 | 430 | 0

Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов ажылыкка барган жарандар менен жолугушту.

Муфтияттын маалыматына караганда, элчи ажыларды мекенге аман жетүүсүн жана ажылык ибаттары кабыл болуусун тилеген.

Марипов Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдан да кабар алды. 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси ажылык сапары жана Сауд Араб Королдугунун ажылык министрлиги тарабынан коюлган талаптар, шартта жана эрежелер менен тааныштырды.

«6-июль күнү жарандарыбыз ажылык амалдарын аткаруу үчүн Мина өрөөнүнө көчө башташат. Андан кийин ажылык ибадаттар аткарылып, 12-июлда кайрадан Мекке шаарына көчөбүз. Ал эми Жидда – Бишкек багыты боюнча алгачкы каттам 19-июлда башталат»,-деди Абибилла ажы Кадырбердиев.

Улукбек Марипов элчилик ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирип, штабдын ишине ийгилик каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM