Биз менен байланышыңыз

13 жаштагы секелектин зордукталышы. Асел Чынбаева окуяны көзөмөлгө алды

Кыска кабар | 6 Июл 2022 | 379 | 0

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча окуяга баам салууда. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Бул иш ошондой эле Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө турары айтылды.

«Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча шектүүлөргө карата баш коргоо чарасы камакка алуу деп кабыл алынган жана тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү. Азыркы учурда иш кароо алдында турат. Асель Чынбаева жашы жете электерге карата мындай фактыларга көзөмөл күчөтүлөрүнө ишендирди. Ал мындан ары Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгынын кызматкери бул иш боюнча сот жараяндарына мониторинг жасай турганын белгиледи» , -деп айтылат маалыматта.

Мындай окуяларды болтурбоо максатында бардык мамлекеттик органдарга биргелешкен алдын алуу иштерин күчөтүүнү, балдарга карата зомбулук жана катаал мамиленин терс кесепеттери туурасында коомчулук арасында түшүндүрүү өнөктүгүн уюштурууну, балдарга, айрыкча “тобокелдик тобундагыларга” көңүл буруу сунушталды.

Эске салсак, аялдарга жана кыздарга карата ырайымсыз зомбулук фактылары көбөйүп жатканына байланыштуу 28 укук коргоо уюмунун өкүлдөрү мамлекет башчыга кайрылышкан. Алар Садыр Жапаровду саясий жогорку деңгээлде зордук-зомбулукка, адам өлтүрүүгө каршы күрөштүн артыкчылыктуулугун жарыялоого, жазанын сөзсүз түрдө болушун жана алардын өмүрүнө, ден соолугуна жана кадыр-баркына кол салуулардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун камсыздоого чакырышты.

Copyright © 2017 Maral FM