Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин такталган маалыматы боюнча «Дордой» базарынын контейнерлеринен чыккан өрт саат 14:18де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түздү.
Тилсиз жоонун кесепетинен 3 адам жабыркаган. Түтүнгө уулангандардын бири – Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкери экени айтылды.