ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан крим чөйрөсүндө «положенец» макамы менен жүргөн жаран кармалды.
Министрликтин маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2018-жылдын күзүндө алгач коркутуу жолу менен акча талап кылып, акча ала албай калганда күч колдонуп, «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган чала тааныш “Н” аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад облусунун Алабука районунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жана «положенец» макамына ээ Алабука районунун 1990-жылы туулган А.Н. аттуу жараны кармалды.
Учурда ал Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери жүрүп жатат.