Биз менен байланышыңыз

6-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 5 Июл 2022 | 437 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 6-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көлдүн жана Нарындын дыйканчылык аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+17, күндүз +29…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,

Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26,

Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +29…+31 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM