Биз менен байланышыңыз

Беловодск айылында үй өрттөнүп, үч жаран каза болду

Кыска кабар | 5 Июл 2022 | 584 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 5-июлда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын К.Маркс көчөсүндөгү  үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен 59 жаштагы аял киши, 64 жаштагы эркек жана 1 эркек киши  (өздүгү такталууда) каза тапкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт таңкы саат 6:00 чамасында чыгып, аны өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган. Өрттүн жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн.

Куткаруучулар тилсиз жоонун кесепетинен каза тапкан 1958-жылы туулган  үй ээси С.К. аттуу жарандын жансыз денеси үйдүн короосунан табылса, үйдүн ичинен эки адамдын 1963-жылы туулган К.Б. аял киши жана өздүгү тактала элек 1 эркек кишинин жансыз денеси чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM