Биз менен байланышыңыз

ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы белгилүү болду

Кыска кабар | 5 Июл 2022 | 273 | 0

24-25-июнда өткөн жалпы республикалык тестирлөөнүн III этабынын жыйынтыгы боюнча алтын сертификат алгандардын саны өзгөргөн жок. III этапка Бишкектен 795, Оштон 236 абитуриент катышты.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку балл алып, алтын сертификатка ээ болушкан.

Эң жогорку — 235 баллды Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү Эрлан Колбаев алды.

-экинчи орунга 231 балл менен Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Артём Марченко чыкса,

-үчүнчүнү 228 балл менен Бишкек шаарындагы К. Скрябин атындагы №28 мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү Кубан Жапаров багындырды.

235тен 221 баллга чейин упай топтогондордун эң көбү Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү, алардын саны 35ти түзөт.

Ысык-Көл облусу — 5,

Чүй облусу — 4,

Ош облусу — 4,

Ош шаары — 3,

Баткен облусу— 3,

Нарын облусу — 2,

Жалал-Абад облусу — 1.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө үч турдун жыйынтыгы менен жалпы 51 миң 185 абитуриент катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM