Түштүк Кореялык компания кыргыз балын сатып ала баштайт. Бул тууралуу президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кабарлайт.
Маалыматка караганда, ата мекендик экспорттоочулар 23-25-июнь күндөрү Сеул шаарында өткөн Import Goods Fair көргөзмөсүнө катышты. Андагы жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстандын Bee Honey LLC жана Түштүк Кореянын Kyrka Corp. компанияларынын ортосунда 2022-жылы 20 тонна бал жеткирүүгө келишим түзүлгөн.
Бул көлөм акырындык менен 100 тоннага чейин жеткирилери айтылды.