Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам каза болуп, 12 киши жабыркады

Кыска кабар | 5 Июл 2022 | 1525 | 0

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам каза болуп, 12 киши жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.

4-июль күнү саат 19:25 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 28-чакырымында Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда Бишкек шаарынын тургуну 2004-жылы туулган М.А. Тойота-Эстима унаасы менен күн батыш багытында бара жатып, рульга ээ боло албай жолдун карама-каршы багытында келе жаткан Чолпон-Ата шаарынын тургуну 1978-жылы туулган Э.Ж. башкаруусунда Хонда-Одиссей унаасы менен кагылышкан.

Тойота-Эстима унаасынын жүргүнчүсү 2015-жылы туулган М.Д. (өспүрүм) жана  Хонда-Одиссей унаасынын жүргүнчүсү 1953-жылы туулган Ж.А. (аял киши) алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан.

Ал эми Тойота-Эстима унаасынын айдоочусу 2004-жылы туулган М.А.; жүргүнчүлөрү: 1979-жылы туулган М.Д.;

2009-жылы туулган М.А.;

2004-жылы туулган М.И.;

Хонда-Одиссей унаасынын айдоочусу 1978-жылы туулган Э.Ж.; жүргүнчүлөрү Ош шаарынын тургундары 1991-жылы туулган А.Э.;

1987-жылы туулган Э.К. ар кандай жаракаттары менен Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилген.

Бул окуя Ысык-Көл РИИБде катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM