Биз менен байланышыңыз

Мас абалында унаа башкаргандарга карата жазаны күчөтүү сунушталууда

Коом | 5 Июл 2022 | 758 | 0

Жогорку Кеңеште мас абалында унаа айдагандарга карата  жазаны күчөтүү сунушталган. Бул сунуш бир топ эл өкүлдөрү тарабынан демилгелен. Ага ылайык, мас абалында жүргөн айдоочунун жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн 50 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн. Ал эми учурдагы айып пулдун саны 17 миң 500 сомду түзөт. Мындан сырткары Милициянын кайгуул кызматына да катуу көзөмөлгө алуу боюнча талаптар коюлууда. Бул долбоордун канчалык зарылчылыгы бар?

Өлкөдө мас абалында унаа айдагандардын саны көбөйгөнү байкалууда. Анын кесепетинен бир канча жол кырсыктары катталып, өлүм менен аяктаган учурлар көп болууда. Ушул жылдын апрель айында эле Бишкек шаарында 26 жаштагы кызды мас абалындагы айдоочу сүзүп кеткен. Натыйжада кыз каза болгон.

Үрөй учурган мындай кырсыктардын алдын алуу максатында «Кылмыш-жаза жана Эреже бузуулар жөнүндө» кодексине эл өкүлдөрү тарабынан өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленген.

Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, долбоорго киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эгер айдоочу мас абалында үчүнчү жолу кармалса, ага 80 миң сом айып пул салынып, 6 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

«Мас абалында руль башкаргандан адамдардын залакасы канчалаган адамдарга тийип жатат. Канчалаган өмүрлөрдү кыйып жатат. Буга чейин 17 миң сом айып пул болчу. Менин оюмда бул туура эмес. Биз 17 миң сомдук айып пулдун санын 50 миң сомго чейин көбөйтүп жатабыз же бир жылдан айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Мындан сырткары Милициянын кайгуул кызматы ар бир күзөткө чыкканда видео съемка жасашы зарыл. Эгер съемка жасабай, видеону өчүрүп же айдоочунун коргой турган болсо, ал кызматкер дароо жумуштан кетет. Башка өлкөлөрдө мындан да катуу жазанын түрлөрүн колдонушат. Биз светтик өлкө болгондуктан, ушул сыяктуу жазаларды колдонобуз».

Долбоорго киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мас айдоочу сүзүп кеткен адамдын денесине анча оор эмес залал келтирилсе, анда айып пулдан тышкары айдоочуга эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөөгө же белгилүү иш менен алектенүүгө тыюу салынат. Ошондой эле ал алты айдан үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жол эрежелерин көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев жарандар да бул долбоорду колдоп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал долбоордогу жазалардын жаңы түрлөрү тууралуу маалымат берди.

«Байкабастыктан ден соолукка оор залал келтирилгенде — үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эгерде сөз өзгөчө оор зыян жөнүндө болсо, анда кылмышкер беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 11 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.Өзгөртүүлөр топтомунда мас абалында экспертизадан өтүүдөн баш тарткан айдоочуларды жазалоону караган норма да бар».

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө жол кырсыктарынын катталышына ашыкча ылдамдык, ашып өтүү жана каршы тилкеге чыгуу эрежелерин бузуу жана мас абалында айдоо себеп болууда.

Жарандык активист Эртай Искаков эгер мыйзам күчүнө кирсе, аны бузгандардын баары бирдей жоопкерчиликке тартылыш керектигин айтты. Мындан сырткары ал демилге колунда жок жарандар үчүн гана иштеп калбашы керек деп эсептейт.

«Башка өлкөлөрдө мындай эрежер бузгандар үчүн катаал жазалар колдонулат. Эгер Кыргызстанда да бул мыйзам күчүнө кирсе, абдан жакшы болот. Бирок Кыргызстанда мыйзамдардын толук кандуу иштешине эч ким кепилдик бербейт. Колунда бар жарандар ар кандай сүйлөшүү жолу менен эле мындай жазалардан кутулуп кетүүдө. Ар кандай коррупциялык жолдор менен кутулуп жатышат. Баягы эле акчасы жок, карапайым эл зыянын тартып жатат. Биз да бул демилгени колдоп келебиз. Сунушубузду Жогорку Кеңеш аркылуу ишке ашырууну пландап жатабыз».

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, ушул жылдын үч айында 4 миңге жакын мас айдоочу кармалган. Бул мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15% көп.

Президент Садыр Жапаров жол кырсыктарын азайтуу максатында “Коопсуз шаар” долбоорун өлкө боюнча ишке ашыруу, автомектептердин ишин көзөмөлдөө тапшырмасын берген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM