Биз менен байланышыңыз

Каракалпакстандагы башаламандык. Жапаров Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 4 Июл 2022 | 432 | 0

Бүгүн, 4-июлда президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Садыр Жапаров кыргыз тарап Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды тынчсыздануу менен кабыл алганын белгиледи.

Ал өз убагында, чечкиндүү жана макулдашылган аракеттердин аркасында Каракалпакстандагы кырдаалдын жөнгө салынуусун камсыздоо, курчушуна жол бербөө мүмкүн болгондугун белгиледи.

Жапаров Өзбекстандагы конституциялык реформалардын жыйынтыктары туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал түзөөрүнө ишеним билдирди. Өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегияларын ишке ашыруунун ишенимдүү кепилдиги болуп кызмат кыларын айтты.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Кыргызстанда өткөрүү пландалган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыктарды жана күн тартибин талкуулашты.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алышканы белгиленди.

Мамлекет башчылары мындан тышкары, кыргыз-өзбек достугу, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулады.

Каракалпакстанда нааразылык акциялары 1-июлда өкмөт референдумда аймакты эгемендүүлүктөн жана Өзбекстандан бөлүнүү укугунан ажыраткан жаңы Конституциянын долбоорун сунуштагандан кийин башталган.

Copyright © 2017 Maral FM