Биз менен байланышыңыз

Каракалпакстандагы башаламандык. Мирзиёев жабыркагандар тууралуу айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2022 | 711 | 0

Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүүгө каршы демонстрациялардан кийин миңдеген адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Каракалпакстан Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Султанбек Зияев жергиликтүү басылмаларга билдирди.

Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы кабарланды, бирок жараат алгандардын так саны айтыла элек.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин телеграм каналында айтылгандай, Каракалпакстандагы баш аламандыктын натыйжасында, карапайым калк жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында курмандыктар бар.

«Ар бирибиз, Өзбекстандын бардык жарандары, Каракалпакстан Республикасында болуп жаткан тынчсыздандырган окуяларды терең кайгы менен кабыл алып жатабыз», — деди Мирзиёев Өзбекстандын жарандарына кайрылуусунда.

Шавкат Мирзиёев бул окуяга «Конституциялык реформаларга каршы чыгуу шылтоосу менен агрессия жана зордук-зомбулук жолун тандап, Өзбекстандагы кырдаалды туруксуздаштырууга жана бузууга аракет кылып жаткан кээ бир кара ниет күчтөрдү» айыптады.

«Жалган маалыматтарды социалдык тармактарда жайылтуу менен деструктивдүү күчтөр белгилүү бир максатты көздөп, жарандарды Конституцияны бузган иштерге тартууда«, — деди Шавкат Мирзиёев.

Эске салсак, Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанда 2-августка чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Мындай чечимге өлкөнүн түндүк-батыш аймагындагы баш аламандыктар себеп болгон.

Нааразылык акциялары 1-июлда өкмөт референдумда аймакты эгемендүүлүктөн жана Өзбекстандан бөлүнүү укугунан ажыраткан жаңы Конституциянын долбоорун сунуштагандан кийин башталган.

Султанбаев чагымчыл билдирүү жасоодон карманууга чакырды

Copyright © 2017 Maral FM