Биз менен байланышыңыз

Маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул сыйлыгы ыйгарылды

Кыска кабар | 2 Июл 2022 | 505 | 0

Бир катар маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Сыйлыкка төмөнкү инсандар татыган:

Таалайбек Усубалиев, сүрөтчү — медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын COVID-19 пандемиясы менен күрөшү, ошондой эле коронавирустун курмандыктары жөнүндө картиналардын сериясы үчүн;

Анара Сыдыгалиева, актриса — «Саманчынын жолу» спектаклинде Толгонайдын ролун мыкты аткарганы үчүн;

Данияр Жанжигитов, актёр — «Саманчынын жолу» спектаклинде Майсалбектин ролун мыкты аткарганы үчүн;

Алымгазы Конушбаев, сүрөтчү-сценограф — «Саманчынын жолу» спектаклинин сценографиясын мыкты иштегени үчүн.

Айта кетсек, бул чыгармачыл инсандарга сыйлык 2020-жылдагы жасаган эмгектери үчүн берилген.

Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы — адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байытууга жана жакындаштырууга чоң салым кошкон, эстетикалык жана тарбиялык таасири күчтүү, ошондой эле коомго кеңири таанылган мыкты чыгармалар үчүн эки жылда бир жолу ыйгарылуучу сыйлык.

Сыйлыкка татыктуу делген авторлорду чыгармачыл жамааттар, жеке тараптар Токтогул сыйлыгын ыйгаруу комитетине көрсөтөт. Комитет тандоодон өткөн талапкерлерди мамлекет башчысына сунуштап, президент атайын жарлык менен бекитип берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM