Биз менен байланышыңыз

Чүй дарыясына автоунаа түшүп кетип, эки адам каза болду

Кыска кабар | 2 Июл 2022 | 158 | 0

Чүй дарыясына унаа түшүп кетип, эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык, кечээ кечинде Аламүдүн районунун Карл Маркс айылында болгон. Айылды аралап өткөн дарыяга Тоуоta Corolla унаасы түшүп кеткен.

Жерине Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу барып, чек ара кызматкерлеринин жардамы аркасында кечки саат 21:30да айыл өкмөттүн экскаватору менен унааны суудан чыгарышкан.

Кырсыктан 65 жаштагы М.Г., 41 жаштагы Ж.А. каза таап, 70 жаштагы И.Л., 50 жаштагы Н.Л. жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM