Биз менен байланышыңыз

ККМ-чек чогултуу лотереясында автоунааны ат-башылык алды

Кыска кабар | 2 Июл 2022 | 504 | 0

Кечээ, 1-июлда Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясын ойнотту. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да катышты.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө ар бир чек өлкө экономикасына кошкон салым болуп саналарын, чек талап кылуу да патриоттук иш экенин айтты.

Лотереянын биринчи этабында ойнотулган эки автоунаанын бирин ат-башылык Эрнист Жаңыбаев утуп алды. Аны Акылбек Жапаров телефон чалып куттуктады. Ал эми экинчи унааны уткан Айза Жумановага байланышуу мүмкүн болгон жок.

Айта кетсек, Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык, соода-сатыкты ККМ-чек менен жүргүзүү талап кылынган. Элди бул өнөктүккө кызыктыруу максатында Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясын баштаган.

Бул лотереянын кийинки этабында баш байгеге Бишкектен батир ойнотулары кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM