Биз менен байланышыңыз

Адис: Каттоосуз кирген дарыларды колдонуунун кесепети оор болот

Ден соолук , Коом | 1 Июл 2022 | 3193 | 0

Министрлер кабинети каттоосу жок алып кирүүгө мүмкүн болгон дары-дармектин тизмесин кеңейтти. Андагы башкы талап: болгону фармкомпания тендерден утуп алышы керек. Адистердин айтымында, өлкөгө дары-дармекти каттоосуз ташып келүүдө коркунуч жогору, андайды колдонуу оор кесепеттерге алып келет. Бирок буга карабастан мындай дарынын саны өсүүдө.

Өлкөгө каттоосу жок алып кирүүгө мүмкүн болгон дары-дармектин тизмесин кеңейткен чечим эки жыл мурун март айында, коронавирус пандемиясы башталган кезде кабыл алынган. Адистер өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташкандыктан документтин мөөнөтүн узартуу чечими негизсиз деп эсептешет.

Бейтаптар жамааты бирикмесинин төрайымы Гүлмира Абдыразакова бул жарлыктын мөөнөтүн узартуу чечими бейтаптардын укугун бузуп жатканын белгиледи. Мындай көрүнүш жарандардын ден соолугуна коркунуч туудурат.

«Былтыр ушул эрежеден улам биз каттоодон өтпөгөн дарыларды сатып алууга аргасыз болгонбуз. Алардын сапатына ким жооп берет? Эч ким жооп бербейт. Бул документ кабыл алынган пандемия көйгөйү артта калган. Мындай чечимден биринчи кезекте бейтаптар жана дарыгерлер жабыркайт. Алар эмненин негизинде бизге баарын катары менен алып келип жатышат? Азыр саламаттыкты сактоо тармагына көп акча кетип жатат. Бул чоң сумма жөн эле шектүү дарыларга бөлүнөт. Чечимди узартууга эч кандай негиз жок».

Токтом бейтаптар арасында гана эмес, адистер арасында да талаш-тартыштарды жаратууда.

Медицина илимдеринин доктору Аида Зурдинованын айтымында, дары каттоодон өткөндө ал үчүн компания жооп берет. Эгер каттоосу жок болсо, эч ким жоопкерчилик албайт.

«Дары-дармекти каттоо учурунда «Дары боюнча кандай изилдөөлөр жүргүзүлгөн, алар эмнеге негизделген, кандай кошумча таасирлер аныкталган, бейтаптар тигил же бул дарыны колдонуудан кандай коркунучтарга дуушар болушу мүмкүн?» деген сыяктуу маалыматтар камтылган бүтүндөй бир папка документ каралат. Мунун баары текшерилет. Керектүү маалыматтар суралат. Өлкөгө каттоосу жок алып кирүүгө боло турган дарылардын тизмеси жаңыдан түзүлүп жаткан кезде Кыргызстанда чындап эле дары-дармек жетишсиз болчу. Каттоодон өтпөгөн дарыларды тендерге катыштырууда ооруканалар чоң тобокелчиликке туш болорун түшүнүү керек».

Дары-дармекти каттоодон өткөрүү учурунда фармацевтикалык ишкана анык болушу, өндүрүлгөн дарынын коюлган талаптарга жооп бериши каралат. Кандайдыр бир көйгөй жаралса, өндүрүүчү жооп берет жана товарды рыноктон алып салат.

Медициналык профсоюз уюмунун төрайымы Бермет Барыктабасова дары-дармекти каттоосуз алып кирүүгө уруксат берген токтомдун окуясында карама-каршылыктар көп экенин айтты.

«Бул чечим кабыл алынганда, кайсы дарылар антиковиддик экени белгисиз болчу. Чындыгында тизмеге симптоматикалык, суук тийүүчү, антипиретикалык жана антибиотиктер кирген, андан кийин жашоо үчүн маанилүү дарылар кошулган. Бүгүнкү күнгө чейин далилденген антивирустук дарылар жок. Ковиддик дарылардын бардыгы симптоматикалык. Башкача айтканда, биз алгач күтүлбөгөн жерден текшерилип, узак убакытка катталышы керек болгон кандайдыр бир дары жөнүндө айтып жаткан жокпуз».

Бермет Барыктабасова мамлекет жашоого керектүү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө эле эмес, сапатына да жооп бериши керек деп эсептейт.

«Коронавирус пандемиясына чейин эле дарыдан каза болгондор дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунду ээлеген. Бул жүрөк-кан тамыр оорулары эмес, рак эмес, жаракаттар эмес, дарылар. Бул — текшерилбеген дары-дармекти чектөөсүз жана көзөмөлсүз колдонуунун кесепети».

Буга чейин дары-дармектин сапаты жана текшерүүсүз экспорттолушу боюнча маселелер көтөрүлүп келген.

Адистер жарлыктын мөөнөтүн узартуу жарандардын ден соолугуна коркунуч келтирерин эскертишет. Документ пандемия башталганда кабыл алынган. Бирок пандемия учурунда да бул жарлык дары-дармекке болгон таңкысты жоё алган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM