Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөгү эс алуучуларды ИИМдин «Шумкар» полку коргойт

Кыска кабар | 1 Июл 2022 | 209 | 0

Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу учурунда коопсуздукту Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полку («Шумкар») көзөмөлдөйт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Полктун командири Бакыт Матмусаев өздүк курамга жыйын өткөрүп, ички иштер министри, генерал-лейтенант Улан Ниязбеков 29-июнда кол койгон тескемедеги талаптарды, бекитилген милдеттенмелерди аткаруу боюнча түшүндүрмө берди. Андан тышкары чет өлкөдөн келген туристтер менен иштөө жаатында даярдалган эскертме баракчалар өздүк курамга таратылып берилди.

Атайын багыттагы полктун өздүк курамы Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларында 2-июлдан тарта кызмат өтөй баштайт.

Белгилей кетсек, эс алуучуларга, айрыкча чет элден келген туристтерге көмөк көрсөтүү максатында 2018-жылдан бери туристтик милиция да иш жүргүзүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM