Биз менен байланышыңыз

2-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 1 Июл 2022 | 274 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 2-июлда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунда, Каракол шаарларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт.

Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;

Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Ысык-Көлоблусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Нарыноблусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 33…35 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM