Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө кийимдери суу боюнан табылган 3 адам изделип жатат

Кыска кабар | 1 Июл 2022 | 509 | 0

Кыргызстандын үч облусунда кийимдери суу боюнан табылган үч адам изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

28-июнда 1995-жылы туулган А уулу Б. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы үйүнөн чыгып кетип, кайтып келген эмес. Кара-Суу райондук милициясы Ак-Буура-Араван каналынын жээгинен унаасын жана кийимдерин табышкан.

30-июнь күнү ӨКМдин Кара-Суу райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу, райондук милициядан 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам издеп чыгышкан.

29-июнда 1963-жылы туулган Ш.Р. аттуу эркек Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсү туштан Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. 30-июнда 8 куткаруучу издеп, таппай коюшкан.

29-июнда 1942-жылы туулган Т.Ж. Нарын шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. ӨКМден беш куткаруучу барып, карыянын кийимдерин Нарын дарыясынын жээгинен табышкан.

30-июнда ӨКМдин Нарын шаардык бөлүмүнөн 26 куткаруучу, милициядан 15 кызматкер издеп, таппай коюшкан.

Жоголгон адамдарды издөө бүгүн, 1-июлда да уланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM