Биз менен байланышыңыз

Сирияга 2 миллиондон ашуун рубль которгон адам кармалды

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 163 | 0

Ош шаарында эки жылдан бери Сириядагы террордук уюмга акча которуп жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган адам «Жамаат ат-Таухид валь-Жихад» уюмун каржылоого шектелип жатат. ИИМдин берген маалыматы боюнча айтсак, ал 2020-жылдын март айынан 2022-жылдын 20-майына чейинки аралыкта банктык системалар, чет өлкөлүк банктар аркылуу 2 миллиондон ашуун рубль которгон.

Бул факты Кыргызстандын ИИМине Орусиянын ИИМинен келип түшкөн. Анда шектүү Ш.Н. жана анын шериктерине таандык реквизиттер такталып, ал карталар аркылуу Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына бир нече жолу акча которулганы аныкталган.

Орусиянын укук коргоо органдары Ш.Н. менен түз байланышта болгон Өзбекстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын бир катар жарандарын кармап, жоопко тартышкан. Аны менен катар Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын айрым тургундары акча чогултушууга шектелип кармалган.

Ош шаардык милициясы шектүү Ш.Н.нын үйүнө тинтүү жүргүзгөндө, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган бир катар террордук уюмдардын үгүт материалдары, баракчалары, ноутбук, телефон табылган.

Учурда кармалган адам камакка алынды. Буга чейин козголгон Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна дагы 331-беренесинин 2-3-5-бөлүктөрү, 332-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту, 253-беренесинин 1-2-бөлүгү кошулуп, сотко чейинки тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM