Биз менен байланышыңыз

«Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын окутуу стандарты бекитилди

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 342 | 0

«Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын окутуунун предметтик стандарты бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окутуу тартиби «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын ченемдерине, жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизинде иштелип чыккан.

Стандарт айтылган сабак боюнча билим берүүнүн мамлекеттик минималдуу мазмунуна, 7-8-9-класстардын окуучуларынын даярдык деңгээлине коюлган талаптарды белгилейт.

«Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы диндер жана алардын мазмуну, коомдук мамилелер, адеп-ахлак, улуттук баалуулуктар жөнүндө түшүнүк берет. Окуучулар диндердин тарыхын жана келип чыгышын изилдеп, диний окуулардын маңызын түшүнөт: диндердин маанисин, алардын азыркы коомго тийгизген таасирин жана тенденцияларын талдоо менен окуучулардын мамилеси калыптанат, айлана-чөйрөдө өзүн алып жүрүүгө, сабырдуулукка үйрөнүшөт.

Эскерте кетсек, «Диндердин өнүгүү тарыхы» өзүнчө сабак эмес, ал «Адам жана коом», «Кыргызстан тарыхы», «Дүйнө тарыхы» предметтеринин компоненти болуп саналат. Ошол эле учурда бардык орто билим берүү мекемелерине окутуу тилине карабай киргизилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM