Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк рейтингде Бишкек «жашоосу эң арзан шаар» деп табылды

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 586 | 0

Бишкек, Ташкент, Дүйшөмбү шаарлары «чет элдиктердин жашашы үчүн эң арзан шаар» деп табылды. Бул маалымат Cost of Living City рейтингинде жарыяланды.

Сурамжылоо 227 шаарга жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында Гонконг «эң кымбат шаар» (1-орун), ал эми Анкара «эң арзан шаар» (227-орун) деп эсептелген.

«Кымбат шаарлар» ондугунда Гонконгдон кийинки төрт орунду катары менен Швейцариянын Цюрих, Женева, Базель, Берн шаарлары алса, 6-орундан 10-орунга чейин Тель-Авив, Нью-Йорк, Сингапур, Токио, Бээжин шаарлары жайгашкан.

Ал эми Бишкек 226-орунду, Ташкент 221-орунду, Дүйшөмбү 225-орунду ээлеген. «Эң арзан шаарлардын» ондугунда ошондой эле Алжир (218), Алматы (219), Тунис (220), Стамбул (222), Карачи (223), Исламабад (224) шаарлары да бар.

Шаарлардын рейтинги тамак-аш, азык-түлүк баалары, батир же мейманкана акы, жол кире, оюн-зоок же маданий-эс алуу жайларына кирүү акысы сыяктуу соода, тейлөө тармактарындагы 200гө чукул көрсөткүчтүн негизинде жыл сайын чыгарылат. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM