Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 1-июлда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт.
Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,
Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +32…+37,
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,
Бишкек шаарында кечке маал өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +33…+35 градус болот.