Биз менен байланышыңыз

Быйыл ЖОЖдорго абитуриенттерди каттоо кечирээк башталат

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 721 | 0

2021-2022-окуу жылы эки жума кечирээк башталып, кечирээк аяктап, мамлекеттик сынактар, ЖРТ өткөрүү, анын жыйынтыгын чыгаруу мөөнөтү кечирээк бүткөнүнө байланыштуу ЖОЖдорго кабыл алуу графигинин мөөнөтү да жылдырылды. Бул тууралуу «Маралга» Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто жана кесиптик билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Асан кызы билдирди.

Жыл сайын ЖОЖдорго кабыл алуу июль айынын экинчи жумасында башталып келген. Быйыл абитуриенттерди каттоо 18-июлда башталары пландалууда.

ЖОЖго тапшыра турган студент электрондук системага төмөнкү документтерди сканерлеп тиркеши керек:

Паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

Орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплом;

ЖРТ сертификатынын негизги бети.

Ошондой эле кабыл алынган студенттер окуу жылынын башында тапшырган окуу жайына ушул документтердин түп нускасын бериши керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM