Биз менен байланышыңыз

Эртең ККМ чек чогултуу боюнча лотерея билеттери ойнотулат

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 403 | 0

Эртең, 1-июлда ККМ чек боюнча өткөрүлүп жаткан «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи утуштары ойнотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Лотереяга 2 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон телефону, 25 тиричилик техникасы жана башка да өнөктөштөрдүн берген баалуу буюмдары ойнотулат. 

Оюн Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында саат 18:00дө башталып, эстрада ырчыларынын концерти менен коштолот.

Иш-чара УТРКнын «Ала-Тоо 24» каналы жана Салык кызматынын Facebook, Instagram социалдык тармактагы баракчалары, Youtube-каналы аркылуу түз алып көрсөтүлөт.

Учурда лотереяга 60 миңден ашуун адам катышып жатканы, аларга 3 млн 200 миң белет берилгени айтылды.

Мамлекеттик салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы боюнча кеңири маалыматты lottery.salyk.kg сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM