Биз менен байланышыңыз

Жапаров депутаттарга: Эл турмушун жакшырткан мыйзамдарды кабыл алдыңыздар

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 197 | 0

Мыйзам чыгаруу бийлиги катары биринчи сессия мезгил аралыгында бир топ алгылыктуу иштерди жасап, эл турмушун жакшыртып, өлкөнүн өнүгүшүн шарттай турган мыйзамдарды кабыл алып, эл аралык келишимдерди ратификациялап, жүзөгө ашырдыңыздар.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга кайрылып айтты.

Жапаровдун пикиринде, парламент башка бийлик бутактары менен конструктивдүү иш алып барууда. Аткаруу бийлиги менен парламент эриш-аркак иштеп келди.

«Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн саясий-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, элдин социалдык абалын жакшыртуу негизги милдетибиз. VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин шайланып келиши менен бийликтин калган бутактары мыйзам чегинде куралып, саясий абал турукташты. Андан соң элдин турмушун жакшыртуу, экономиканы көтөрүү мыйзам чегинде жасап келе жатасыздар. Сиздер менен эриш-аркак кызматташуунун натыйжасында мамлекеттин казынасын толтурууда салык менен бажыдан түшкөн каражатка катуу көзөмөл жүргүзүлө баштады», — деди президент.

Бүгүн депутаттар VII чакырылыштагы биринчи сессиясынын жыйынтыктоочу жыйынын өткөрүп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM