Биз менен байланышыңыз

Транспорттук прокуратура жарым жылда 21 млн 834 миң сом өндүргөн

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 209 | 0

Транспорттук прокуратура акыркы жарым жылда жасаган иши боюнча баяндама жарыялады. Андан белгилүү болгондой, мекеменин маалыматтарды каттоо китебине 53 билдирүү тиркелген.

Келип түшкөн билдирүүлөрдүн 42си башка органдардан келген. Алардын үчөө Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 24 материал боюнча иш козгоодон баш тарткан токтом чыккан. Андан тышкары мунун негизинде 12 кылмыш козголуп, 1 билдирүү башка маалыматтарды каттоо китебине кошулган, 2 иш сотко жөнөтүлгөн.

Айтылгандардан башка дагы 11 билдирүү маалыматтарды каттоо китебине катталган. Алардын ичинен 7 кылмыш бирдиктүү реестрге жазылып, 1 иш кыскартылган, ал эми 4 материал боюнча иш козгоодон баш тартуу токтому чыккан.

Белгиленген 7 кылмыш учурда Транспорттук прокуратурада тергелип жатат. Алардын экөө кызмат абалынан кыянат пайдалануу, үчөө коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануусу, бирөө мүлктү ыйгарып алуу, бирөө экономикалык аткезчилик боюнча ачылган. Анын негизинде 8 млн 500 миң сом айып алынган.

Айта кете турган жагдай, жарым жылда жалпы ачылган, токтотулган, сотко өткөрүлгөн иштерден 21 млн 834 миң 156 сом мамлекетке өндүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM