Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Жети-Өгүздө эки бала сууга чөгүп көз жумду

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 362 | 0

Жети-Өгүз районунун Липенка айылы тушунан эки бала сууга чөгүп көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык кечээ, 29-июнда болгон. Балдардын сууга чөккөнү тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.

Жерине Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн беш куткаруучу, Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн эки куткаруучу барып, кечки саат 19:20да 2007-жылы туулган Т.И.нин жана 2004-жылы туулган Н.И.нин сөөгүн көлдөн алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM