Биз менен байланышыңыз

«Элим барсыңбы?!» жайкы лагери: Кайрымдуулук маданиятын жайылтуу керек

Коом | 29 Июн 2022 | 350 | 0

Жыл сайын жайында «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду ата-энесинен ажыраган жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын лагерге алып кетип эс алдырат. Бул саамалык салтка айланып калган. 26-июнда Баткен облусунун ар кайсы айылынан келген 60 баланы жана калган 6 облустун ар биринен 11ден, жалпы 140 баланы ИИМдин кайгуул кызматынын коштоосунда Ысык-Көлдөгү «Hollywood Camp» жайкы лагерине эс алууга алып кетти.

Быйылкы лагердин өзгөчөлүгү – Tez Jet авиакомпаниясы атайын учак бөлүп, алыскы аймактардан Бишкекке 91 баланы акысыз алып келген. Ошондой эле жол менен кайрадан үйлөрүнө жеткирилмекчи.

Былтыр жана быйыл Баткен облусунун балдарына өзгөчө басым жасалганын айткан фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков лагерди уюштуруунун негизги максатына токтолду:

«Бул жакка балдарды жөн эле көлгө түшүрүп, эс алдырып кетүү максат эмес. Балдар үйүнүн психологдору менен атайын сүйлөшөбүз, алар менен чогуу иш алып барабыз. Андан сырткары кол өнөрчүлүккө, китеп окууга багытталган, маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулат. Ошондой эле таланттуу балдарды Жеңиш Майрамбек уулу деген актёрубуз командасы менен актёрдук чеберчиликке, бийге үйрөтөт. Беш күн бою ушундай иш алып барабыз. Бул сапар бизди көбүнчөсү Америкадагы кыргызстандык мекендештер колдоп берди. Калгандарын жеке компаниялар колдоп берди, бирөө 50 миң, бирөө 5 миң, бирөө миң сом, ушинтип-ушинтип топтолду. Hollywood Camp жайкы лагеринин жетекчилери арзандатуу кылып берип, ушинтип кайрымдуулуктун негизинде уюштурулуп жатат».

Кубанычбеков кошумчалагандай, жайкы лагердин негизги максаты: балдарга жаштайынан туура багыт берүү менен жети облустан келген балдарды аралаштырып, ынтымагын бекемдөө жана достоштуруу.

«Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду 2015-жылдан бери балдарды Ысык-Көлгө эс алдырып келет. Жайкы эс алуу лагери балдарды эс алдыргандан башка да, алардын талантынын ачылышына жана белгилүүлөр менен таанышып, келечекте талантын өркүндөтүп багыт алуусуна себепкер болуп жатат.

Тарбиячылар биринчи эле күнү балдар менен достошуп, жакшы мамиледе боло калбайт. Буга байланыштуу психолог Гүлнара Жасоолова тарбиячыларга балдар менен иштөө, «өзгөчө» балдарга кандай мамиле кылуу сыяктуу темаларда окутуу өткөрдү.

«Беш күндүн ичинде тарбиячы балага аябай көп нерсе бере алат. Туура мамиле кылса, бала канат байлап, шыктанып, күчтүү болуп, алдына койгон максаттарын багындыргысы келет. Ушул нерсе ар бир тарбиячынын колунан келет. Ошондуктан мен аларды ушул «өзгөчө» балдардын алдыдагы жакшылыгына себепкер болуп калуусуна үйрөтүп жатам. Балдар укпайт, тоготпойт. Мунун айынан стресске түшүп, жасап жаткан жумушунан рахат ала албай калган учурларга туш болбогонду үйрөтүп келе жатам. Себеби балдар баарын сезет, ошондуктан аларды да, жумушун да сүйүү абдан маанилүү».

Лагердин алкагында балдар жаңы нерселерди үйрөнүп, билим алып, интеллектуалдык жана спорттук оюндарды, кол өнөрчүлүк, актердук чеберчиликти үйрөнүшөт. Ошондой эле ар бир бала менен психолог жана социалдык кызматкерлер иш алып барууда.

Алар балдар менен психологиялык, интеллектуалдык оюндарды ойноп, ар бир бала менен жекече сүйлөшүп, суроо-жооп кылып, кызыктуу темаларды талкуулашат.

Тарбиячы Сыймык Саипов балдар менен иш алып баруу өтө оор экенин айтты. Бирок убакыт өтүп, ар бир бала менен жекече сүйлөшүп, аны «жакын тууганың» катары кабыл алганда, алар беш күндөн кийин кеткиси келбей, дагы эки-үч күнгө калууну суранышарын айтып берди.

«Биринчи күнү келгенде балдар аралаша албайт. Ошондуктан батыраак аралашуусу боюнча программаларды иштеп чыкканбыз. Эң кызыгы: бешинчи күнү лагерден кетип жатканда бири-бири менен кучакташып алып ыйлашат, кеткилери келбейт. «Сен Ысык-Көлдөн экенсиң, сен Баткенден экенсиң, сен Нарындан экенсиң» деген нерсе жок. Кичинекей 9 жаштагы балдар бири-бирин «Сен Таласка кел, сен Баткенге келсең тосуп алам» деп, кадимкидей ынтымагын көрсөтүшөт. Ошол эле учурда азыр социалдык тармактар аркылуу достошуп, катышып тургандар бар. «Көлдү көрсөм» деп кыялданган балдар көп болот. Ошондон көз жашын төккөндөр болгон. «Балдардын баарын алып келсек кандай сонун болот эле» дейбиз, бирок бул мүмкүнчүлүккө жараша болот экен. Негизи биз райондор, облустар менен канчалык тыгыз алакада болсок, ошончолук бөлүнүп-жарылуучулукка жол бербейбиз».

Балдардын лагерине Ош облусунан дарыгер Чынара Амирова алып келинген. Ал балдар кокусунан жыгылып же бир жагы ооруп калган баланы дароо дарылап, өтүшүп кетүүсүнө жол бербейт. Балдардан ар кандай кайрылуулар көп болуп, дарылагандан кийин абалы жакшырып калганын айтып берди.

«Бүгүнкү күндө балдардын маанайы жакшы. Кээ бирлердин башы, ичи ооруп, кайрылып жатышат. Аларга толук кандуу жардам берип жатам. Дары-дармекти өзүм менен чогуу ала келгем, баары жетиштүү. Негизи бул кичинекей балдар да. Ойноп жатып эле катуу жыгылып калышы мүмкүн, же туура эмес тамактанып ичи ооруп калышы мүмкүн, айтор, ушундай майда нюанстар көп. Мунун баары кандайдыр бир чоң ооруга өтүп кетпеши үчүн көзөмөлдөп, туура дарылап турам».

Жайкы лагерге Азия чемпиону, балбан Жоламан Шаршенбеков балдардан кабар алуу үчүн келди. Жаш эс алуучулар балбанды шаңдуу, жакшы маанайда тосуп алып, кызыктырган суроолорун узатышты. Балбан бардык суроого жооп берип, чакан чеберчилик сабак өтүп берди.

Спортчу балдарга грек-рим күрөшү боюнча айтып, спорт менен машыгуунун пайдасы тууралуу айтты. Мындан сырткары ал спортко кызыккандарды гана бул иш менен алектенүүсүн каалай турганын айтты.

«Спортко кызыгуусу болгон гана балдарды машыгууга үндөйм. Эгер каалооңуз болбосо, анда машыгуудан эч кандай майнап чыкпайт. Спорт — биринчи кезекте чың ден соолук жана тартип. Адамда ушул эки нерсе болсо, ал сөзсүз чоң ийгиликтерди багындырат. Мен силерге ишенем, келечекте Кыргызстандын желегин желбиреткен жаштардан болгула».

Кыргызстандын жети облусунан тандалып алынган 140 баланын көбү Ысык-Көлгө биринчи жолу келип жатышат. Ар бир 11 балага бирден тарбиячы бекитилген. Балдардын саламаттыгын көзөмөлдөө үчүн дарыгер жана куткаруучулар бар. Эс алуу аяктаган соң балдар кайрадан Tez Jet авиакомпаниясы аркылуу үйлөрүнө жеткирилет.

«Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду 2015-жылдан бери балдарды Ысык-Көлгө эс алдырып келет.

Программага ылайык балдар 5 күн акысыз эс алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM