Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги райондордун аталышын өзгөртүү демилгеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 476 | 0

Бишкек шаардык кеңешинин бүгүн, 29-июнда өткөн жыйынында борбордогу төрт райондун аталыштарын өзгөртүү демилгеси көтөрүлдү. Демилгечи депутат Таалайбек Усубалиев бул маселени 1991-жылы шаарга байыркы атын берип жатканда эле карап коюшса болмогун белгиледи.

Ал шаардагы райондордун аталыштары тарыхый жактан эскирип бүткөнүнө, астыда аны жаңылоо зарылчылыгы турганына токтолду. Усубалиев өз кайрылуусунда Свердловду – Чынгыз Айтматов же Манас, Биринчи Майды – Турдакун Усубалиев же Жусуп Абдрахманов, Октябрды  – Байтик баатыр же Сүймөнкул Чокморов, Ленинди – Абсамат Масалиев же Исхак Раззаков району деп өзгөртүүнү сунуштады.

Айта кетсек, бул маселе коомчулукта да көтөрүлүп, Чынгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Исхак Раззаков сыяктуу адамдардын аттарын райондорго берүү демилеленип келет.

Шаардык кеңештин дагы бир депутаты Рысбай Ааматов бул маселе шаардык кеңеште 2018-жылы эле каралып, сунуштун негизинде Биринчи Май районун – Чынгыз Айтматов району, ал эми Свердлов районун – Турдакун Усубалиев району деп атоо чечими ошол кездеги Өкмөткө жөнөтүлгөнүн маалымдады. Чечим боюнча Өкмөт тиешелүү токтом кабыл алса болмогун, тилекке каршы, ал төрт жылдан бери аткарылбай келе жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM