Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги №2 мончонун ордуна жаңысы салынат (видео)

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 198 | 0
№2 мончо жана жаңы долбоору

Бишкек шаарындагы Жибек Жолу-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги №2 муниципалдык мончо бузула баштады. Иштин жүрүшү менен мэр Эмилбек Абдыкадыров таанышып кайтты.

Мэрдин айтымында, эскилиги жеткен имараттын ордуна социалдык мончо курулуп, шаардыктарды ыңгайлуу баада тейлейт.

«Борбор калаада соода борборлору же көңүл ачуучу оюн-зоок жайларын гана эмес, социалдык объектилерди да куруу керек. Биз шаар тургундарына ыңгайлуу, заманбап талаптарга жооп берген, бардык шарттары менен социалдык мончо куруу иштерин баштадык. Ал эми куруу иштери шаардык бюджеттен каржыланууда», — деди калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров.

Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жаңы мончо жана эс алуу комплексин куруу боюнча долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Жаңы комплекс жер төлөсү бар эки кабаттуу имарат болот. Имараттын жалпы аянты 1404 чарчы метрди түзөт.

Жаңы мончодо бассейн, дарылоо жана массаж бөлмөлөрү каралган. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү, жакшыртуу пландалууда.

Белгилей кетсек, имарат 1958-жылы пайдаланууга берилген жана андан бери эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. 10 жыл мурун комиссия аны авариялык абалда жана оңдоого жатпайт деп таанылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM