Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Быйыл сугат суу өткөн жылга салыштырмалуу 150 млн куб метрге көп

Коом | 29 Июн 2022 | 405 | 0

Эки күн мурун Чүй облусунун дыйкандары сугат суу жетпей жатканын айтып, өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акцияга чыгышкан. Мунун себебин Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков күндүн ысышы жана курулган каналдардын эскиргени менен байланыштырды. Ошондой эле министр өлкөдө быйыл сугат суу өткөн жылга салыштырмалуу 151 млн куб метрге көп экенин билдирди. Быйыл Суу ресурстары кызматынын карамагындагы мамлекеттик суу чарба объектилеринде оӊдоо жана калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга мамлекеттик бюджеттен 1 млрд сом бөлүнүүсү күтүүлүдө.

Быйыл өлкөдө сугат сууга болгон таңкыстыкты жоюу максатында мамлекеттик бюджеттен 1 млрд сом бөлүнөт. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков бөлүнгөн каражатка капиталдык оңдоо жумуштары аткарылары тууралуу маалымат берди.

«Бул каражатка 176,3 км каналды оӊдоо, 77,4 км каналды бетондоо, 712,1 км каналды механикалык тазалоо, 619 гидротехникалык курулманы, 340 суу өлчөөчү постту, 105 насостук станцияны, анын ичинде 236 насостук агрегатты оңдоо, 72 насостук агрегатты жаңылоо, 28 скважинаны оңдоо, 14 суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейнди, 9 суу сактагычты оңдоо жана тазалоо, ошондой эле 276,8 км коллектор-дренаждык тармакты оңдоо жана механикалык тазалоо мерчемделүүдө».

Мындан сырткары министр быйыл сугат суу өткөн жылга салыштырмалуу 151 млн куб метрге көп экенин кошумчалады.

«2022-жылдын 27-июнуна карата сугатка суу берүү планда 2611,4 млн кубга каралса, иш жүзүндө 2261,1 млн куб метр сугат суу берилип, план 88%га аткарылды. Өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 151 млн куб метр көлөмдөгү суу көбүрөөк берилген. Ал эми бардык сугарылган аянт планда 1719 миң гектар каралса, иш жүзүндө 1445 миң гектар аянты сугарылып, план 85%га аткарылган. Өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 63,6 миң гектар аянт көбүрөөк сугарылды. Өлкө боюнча сугарылган 1445 миң гектардын ичинен жазгы ным топтоо сугаты 241 миң гектар, биринчи сугаты 878,8 миң гектар, экинчи жана кийинки сугаты 325,3 миң гектарды түзөт».

Чүй облусу боюнча сугатка суу берүү планда 592,6 млн куб метр каралса, иш жүзүндө 537 млн куб метр сугат суу берилип, план 91%га аткарылды. Өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 60,3 млн куб метр көлөмдөгү суу көбүрөөк берилген.

Министрликтин Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Сокеев быйыл сугат суу берүүдө көйгөй болбойт деп ишендирди.

«Сугат суу берүүгө даярдык иштери өткөн жылдын ноябрь айында эле башталып, быйылкы жылы май айында аяктады. Бизге бул үчүн акча бөлүнгөн, Финансы министрлиги тарабынан кармалуулар жок. Биздин каналдар чындыгында эски, 1990-жылдары курулган, бирок жылына аларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, суу берүүгө даярдап келебиз. Мисалы, бөлүнгөн 1 млрд сомдон ашуун каражат калыбына келтирүү иштерине жумшалды».

Кыргызстанда ирригациялык объектилер сел жана суу ташкынынан улам кыйроого жыл сайын дуушар болуп келет. Айрыкча, өлкөнүн түштүк аймактарында кээ бир объектилер эки-үч жолу кыйроого учурайт.

Өлкө боюнча 2022- жылы 54 мамлекеттик ирригациялык объектиде селден улам кыйроолор болуп, 21,5 млн сомдук залал алып келди.

Суу ресурстары кызматы карамагындагы ишкана-мекемелер тарабынан жеринде селге каршы чара көрүп, сугат суу берүү жандандырылды.

Кыйроого учураган объектилерди изилдөө жана калыбына келтирүү иштери айыл өкмөттүн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Кыйроого учураган объектилерди оңдоо-калыбына келтирүү иштери сугат мезгили аяктаган соӊ, 2022-жылга каралган жалпы эксплуатациялык чыгымдарга багытталган каражаттар эсебинен жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM