Биз менен байланышыңыз

Битумду мыйзамсыз саткан жол кызматкери кылмыш үстүнөн кармалды

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 303 | 0

Мамлекет тарабынан жол салуу үчүн берилген битумду мыйзамсыз саткан жол кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКга Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну Т.И.Д. кайрылып, мамлекеттин балансындагы битумду мыйзамсыз саткан шаардагы №38 ДЭПтин кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгү (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен иш ачылып, иликтөө башталган.

Атайын операциянын жүрүшүндө Транспорт министрлигинин №38 ДЭПинин битумдук чуңкурунун башчысы А.Т.Т. арыздануучу Т.И.Д.га 60 миң сомго товар сатып жаткан жеринен колго түшкөн.

Суракта шектүү мындай иштерди буга чейин бир нече жолу жасаганы аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM