Биз менен байланышыңыз

УКМК: 680 телефонду мыйзамсыз алып келаткан адам кармалды (видео)

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 239 | 0

Баткенде 680 уюлдук телефонду аткез жол менен алып келаткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Чек арачылар Лейлек районундагы «Кольцо» стационардык постунан Opel Zafira унаасын токтотушкан. Айдоочу Ш.К.А. талапка баш ийбей качып жөнөгөн. МАИ кызматкерлери кууп жетип кармап келишкен.

Унааны текшерүүдө 10 коробка аткез жүк табылган. Анда жалпы наркы 900 миң сомго бааланган 680 уюлдук телефон болгон.

Учурда бул боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканы, кармалган адамдын иши тергөөгө өткөнү айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM